Биз менен байланышыңыз

Абдылдаев фракция лидерлери менен өзгөчө абал киргизүүнү талкуулады

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 400 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев беш фракциянын лидерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун маалыматы боюнча, жыйынга КСДП, «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт», «Бир бол» фракцияларынын лидерлери келди.

Анда президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагына «Өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу» жарлыгы талкууланды.

Бир фракция лидери шаар сыртында болгондугуна байланыштуу келе алган эмес.

Жыйындын убактысы жана өтүлүүчү жери расмий түрдө такталгандан кийин алдын ала маалымат берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрдан тарта Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM