Биз менен байланышыңыз

БШК парламенттик шайлоону 6-ноябрга чейин белгилейт

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 494 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо күнүн 6-ноябрга чейин белгилейт. Мындай чечим 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон 12 саясий партиянын арызын кароодон кийин кабыл алынды.

БШК депутаттардан шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү карап көрүүнү өтүнөт. Алар — босого пайызды төмөндөтүү, күрөө жана «Форма-2» маселелери.

«КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо жокко чыгарылса, БШК бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындап, аны шайлоо комиссиялары өткөрөт.

Боршайком 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты. Алар:«Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Буга байланыштуу нааразылык акциясы Бишкекте 5-октябрда башталып, кечинде күч түзүмдөрү менен демонстранттардын кагылуушусу орун алып, аягында акциячылар Ак үйдү басып алышты. Бул кагылышуулар учурунда 19 жаштагы бала каза болду.

Ар кайсы саясий топтордун митингдери токтой элек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM