Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөт башчы Бороновдун отставкасын кабыл ала элек

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 4226 | 1

Президент Жээнбеков өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл ала элек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «РИА Новостиге» маалымдаган.

Стамалиеванын айтымында, өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун отставкасын президент азырынча кабыл ала элек.

Белгилей кетсек, Боронов 6-октябрда отставкага кетүү боюнча арызын жазган. Бирок 8-октябрда ал өкмөттүн имаратында министрлер менен онлайн жыйынга катышкан сүрөтү чыккан болчу.

Ал арада Садыр Жапаров да бүгүн өкмөт үйүндө премьер-министрдин кабинетине кирип олтурган болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Кайыргүл

    09.10.2020 12:09

    Жашынбай чыкпайбы бери

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM