Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: «Президент кызматын тапшырат» деген маалымат туура эмес

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 8736 | 0

«Президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырууга макул», — деген маалыматты президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева төгүндөдү. Бул тууралуу ал «Риа Новости» басылмасына билдирген.

Стамалиеванын айтымында, президенттин кызматын тапшыруусу боюнча сөз болгон эмес. Ал тескерисинче бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев менен өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча телефондо сүйлөшүү өткөргөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдындагы эл менен жолугушууда «Президент Жээнбеков кызматын тапшырып берүүгө даяр экенин бир депутат аркылуу айттырып жибериптир. Ал киши кызматтан кетет. «Раим миллион» камалат» — деп айткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM