Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү белгиленген мөөнөтүнөн кечикти

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 388 | 0

Нарын облусунун Жумгал районунда болгон жер көчкүгө байланыштуу Бишкек шаарындагы Жылуулук-электр борборуна көмүр ташып келүү белгиленген мөөнөтүнөн кечикти. Учурда ЖЭБге жергиликтүү отун жеткирүү жумуштары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 8-октябрда өкмөткө караштуу тармактык органдар кышка даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Отурумда саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы 74-76 %ды түзөрү айтылды.

Ал эми өлкө аймактарында отун базалары даярдалды. Аймактарга көмүр жеткирүү иштери бекитилген тартипте жүргүзүлүп жатат.

Жыйында көмүрдүн баасын негизсиз жогорулатпоо, ага көзөмөл кылуу тапшырмасы берилди.

Алмамбетова: Бишкекке бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM