Биз менен байланышыңыз

Алмамбетова: Бишкекке бүгүндөн тарта жылуулук бериле баштайт

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 518 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы үйлөргө жылуулук берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Маралга» билдирди.

Анын айтымына караганда, шаардын вице-мэри Алымбек Абдылдаев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабды жыйынга чогултууда. Жылуулук бүгүндөн тартып бериле баштайт.

Айта кетсек, жыл сайын жылуулук алгач оорукана, мектеп, бала бакча, карылар үйү жана башка ушул сыяктуу социалдык маанидеги мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM