Биз менен байланышыңыз

8-октябрга карата төрт жаран коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 776 | 0

Кыргызстанда 8-октябрга карата төрт жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кабарлады.

Бишкекте бир, Ош облусунда бир жана Баткен облусунда 2 жаран көз жумду.

8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус менен 245 адам катталды. Илдетке кабылгандардын жалпы саны 48 миң 342ге жетти. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып, 1 миң 73 адам каза болду.

Ушул күндөрү 2 миң 857 адам дарыланууда. Анын ичинен 1491и үй шартында, 1366сы стационарларда дарыланууда.

Өлкө аймагында 2317 орундуктун 45%ы гана колдонулуп жатканы кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM