Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы кадимки тартипте иштей баштады

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 567 | 0

8-октябрда Мамлекеттик бажы кызматы кадимки режимде иштей баштады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнтөн тарта товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу кадимки режимде ишке ашат.

8-октябрдан тарта өлкө аймагында банктар да өз иши жандандырды.

7-октябрда өлкөнүн финансылык-банктык тармагы өз ишин токтотуп, саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган.

Коммерциялык банктардын ишинин токтошуна байланыштуу товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM