Connect with us

Садыр Жапаров ооруканага барды (видео)

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 3241 | 0

Учурда өзүн өкмөт башчы деп атаган Садыр Жапаров бүгүн ооруканага барып, митинг учурунда бир колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелдинин абалынан кабар алды. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков өзүнүн Фейсбук баракчасында видео жарыялады.

Белгилүү болгондой, 6-октябрь кечинде «Достук» отелинде парламент депутаттары чогулуп, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекиткени айтылган. Бирок, парламенттин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев бул маалыматты четке кагып, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка сунушталганын, аны парламент толук беките электигин билдирген. Ал эми 5-октябрда митингге чыккан башка партиялар учурда Садыр Жапаровдун өкмөт башына келүүсүнө каршы экендигин билдирип, кечээ өз алдынча координациялык кеңеш түзүлгөн. Анда Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштаган. Бирок, бул маселеге да азырынча чекит коюлбай, арсар абалда турат.

Опубликовано Мелисом Аспековым Среда, 7 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM