Биз менен байланышыңыз

Бактыбек Калмаматов: Эски менен жаңынын тиреши «ит жыгылыш» акыбалга кептелди

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 9379 | 1

Экс-депутат, саясатчы Бактыбек Калмаматов өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча элге кайрылуу жасады. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасында калкты үмүтсүздүккө түшпөөгө чакырды жана өлкөдөгү кырдаалга өзүнүн пикирин билдирди. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү күндө баарыбыз күбө болуп жаткан окуялар, көзөмөлдөн чыгып кеткен кырдаал сиздердей эле мени да абдан түйшөлтүп жатат. Эң алгач, бир нече күндөн бери ал-акыбалымды, кайда экенимди сурап, издеп, тынчсызданып жаткандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле төңкөрүш эмнеден улам башталганын баарыбыз жакшы билебиз жана ал сөзсүз өз максатына жетиши керек деп эсептейм. Анткени өлкөдөгү адилетсиз башкарууга каршы жасалган элдик төңкөрүштү айрым саясий топтор өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып, күн сайын кырдаал оор абалга баратат. Биздин куттуу Кыргызстаныбызда державалар ачык эле тирешип, карама-каршылыктарды уюштуруп, бир ууч саясатчыларды «куурчак кылып» пайдаланып, мамлекеттин бүтүндүгү менен ойноп жатат. Бир нече күнгө созулган бийлик талашуу президент Жээнбековдун кайра жандануусуна шарт түздү. Сырткы күчтөрдүн таасир талашынан улам, эски менен жаңынын тиреши «ит жыгылыш» акыбалга кептелди. Ал эми өлкө аймагында ушул күнгө чейин бир да саясий топ жоопкерчилик ала албагандыктан, криминалдык топтор баш көтөрдү. Эл жасаган революция өз максатынан чегинип, ички жана тышкы саясий күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланууга киришти. Ошонун натыйжасында, бийлик алмашса да өлкөдөгү туруксуздуктан улам, бир дагы өлкө жаңы түзүлгөн өкмөттүн легитимдүүлүгүн тааный элек.

Мен башында эле айткам, мен бийликке умтулбайм. Азыр да мага эч кандай кызматтын кереги жок. Болгону ошол учурдагы «үнсүз» кырдаал мени Жээнбековдордун акыйкатсыз башкаруусуна каршы чыгуума мажбурлады. Уулуңар катары мен ошондо өз милдетимди аткардым.

Акыркы болуп өткөн окуяларга зээни кейип, беш колун оозуна салган «чоңдордон» ирээнжип жаткандарды түшүнүп жатам. «Болду, бүттү, чарчадык, өлкөбүз оңолбойт экен» дебегиле. Эгер саясий партиялар оюндарын токтотпосо, анда биз элди бир желектин алдында бириктиргенге мажбур болобуз.

Эмнеге өзүбүз кыялданган Кыргызстаныбызды кура албайбыз? Өзүңө таандык нерсеге өзүңдөн башка эч ким күйбөй турганы белгилүү эмеспи. Келгиле, достор, агалар, эжелер, агымга каршы сүзүп, чириген системаны талкалап, сасыган саясатчыларды тазалап, мамлекеттин бүтүндүгү, көз карандысыздыгы үчүн башыбызды сайып, өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз куралы!

Урматым менен Бактыбек Калмаматов»

1 пикир

1 пикир

  1. Айнура

    09.10.2020 18:32

    Бакыт мырза келиниз,кыргыз элинин койгойун чечкенге жардам кылыныз,сиз ак ниет,чынчыл бетке айткан кыргыздын уулу экенин билебиз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM