Биз менен байланышыңыз

Президент бийлик талаш менен алек болгондорду сындады

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 673 | 0

Бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишти. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 7-октябрдагы кайрылуусунда айтылды.

Ал көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө чакырды. Ошондой эле ушул татаал мезгилде кимдин баалуулуктары кандай экени так көрүнгөнүн, улуу муун бийлик талаш менен алек болуп отурганын сындады.

Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам. Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы.

«Урматтуу мекендештерим, Кыргызстанда тынчтыкты камсыз кылуу, коомдук тартипти орнотуу – бүгүнкү күндүн биринчи  милдети болуп турат. Бириккен аракеттер менен бул абалдан чыгып кетерибизге ишенем. Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун».

Президент: «Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген талаптар болду

5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, алардын тарапташтары митингге чыгышкан.

Кечке маал Ак үйгө бет алган митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. Таңга жакын митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Ошондой эле парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов кызматтан кетишкен.

6-октябрда кечинде «Ала-Тоо» аянтында миңдеген адам кайра чогулду. Алардын алдында активисттерден тарта саясатчыларга чейин чыгып сүйлөштү.

7-октябрда да нааразылык акциялары уланып жатат. Бүгүн топтолгондор эски саясатчылар кетип, бийлик толук жаңыланышын талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM