Биз менен байланышыңыз

Президент: «Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген талаптар болду

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 1241 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга  кайрылуу жасады. Ал өлкө эң татаал мезгилди башынан кечирип жатканын, бирок кеменгер эл, бул кырдаалдан да аман-эсен  чыгарына ишенерин айтты.

Ошондой эле адам өмүрүн тобокелдикке салбоо үчүн «Ак үйгө» чабуул жасагандарга каршы күч колдонбогонун белгиледи.

«Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген катуу талаптарды койгондор да болду. Муну четке кактым. Анткени бул кагылышка алып келмек. Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө даярдалган Жарлыкка да ушундан улам кол койгон эмесмин. Жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештеримди токтоттум. Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү — канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Жээнбеков бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишкенин айтып, көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө чакырды.

Мындан тышкары, татаал мезгилде жарандык бийик позициясын көрсөткөн, акылы тунук жаштарды өзгөчө бөлүп айтты.

«Түнү бою уйку көрбөй, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Кимдин баалуулуктары кандай экенин акыркы эки күндө так-даана көрө алдык. Силер, жаштарыбыз, бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу ага-эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар. Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, Кыргызстандын өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр.  Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин сөз менен эмес, өз иш-аракетиңер менен далилдей алдыңар. Мен бардык тараптарга сабырдуулук, токтоолук каалайм».

Copyright © 2017 Maral FM