Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков жаштарга ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 1820 | 0
Бишкектеги нааразылык акциясы учурунда коопсуздукту коргогон элдик кошуундун мүчөлөрү

Кимдин баалуулуктары кандай экени акыркы эки күндө так-даана көрүндү. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты.

Өлкө башчы жаштарга кайрылып: «бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу ага-эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар» — деди.

«Ушул татаал мезгилде жарандык бийик позициясын көрсөткөн, акылы тунук жаштарыбызды өзгөчө бөлүп айткым келет. Түнү бою уйку көрбөй, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, Кыргызстандын өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин сөз менен эмес, өз иш-аракетиңер менен далилдей алдыңар», — деп айтылат билдирүүдө.

Сооронбай Жээнбеков бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуну өтүндү.

Президент: «Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген талаптар болду

5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар, алардын тарапташтары митингге чыгышкан.

Кечке маал митингчилер Ак үйгө бет алганда укук коргоо органдары ортосунда кагылышуу болгон. Түндө митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Ошондой эле парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов кызматтан кетишкен.

6-октябрда кечинде “Ала-Тоо” аянтында миңдеген адам кайра чогулду. Алардын алдында активисттерден тарта саясатчыларга чейин чыгып сүйлөштү. Чогулгандар тарабай айрым жерлерде басып алуулар болду. Коомдук коопсуздукту жарандык активисттер, катардагы жарандар коргошту.

7-октябрда да нааразылык акциялары уланып жатат. Бүгүн топтолгондор эски саясатчылар кетип, бийлик толук жаңыланышын талап кылышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM