Быйыл физиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгы С гепатитин иликтеген окумуштуулар Харви Альер, Майкл Хоутон жана Чарльз Райска ыйгарылды. Бул тууралуу аталган уюмдун билдирүүсүнө таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окумуштуулар тарыхта С гепатитин дарылоого мүмкүн экендигин аныкташкан.
«Биринчи жолу С гепатит вирусун дарылоо мүмкүн экени аныкталды. Лауреаттардын медицина тармагындагы бул ачылышы өнөкөт гепатит илдетинин себебин аныктап, кан анализин жүргүзүүгө жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жаңы дарыларды пайдаланууга болорун далилдеди», — деп билдирген Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин өкүлдөрү.
Сыйлык тапшыруу 10-декабрга белгиленген. Ал онлайн форматта уюштурулмакчы.
Швециянын борбору Стокгольмдо сыйлыктарды тапшыруу аземин аралыктан өткөрүү үчүн чектелген сандагы адамдарды алып келүүчү телестудия түзүлөт. Жеңүүчүлөр менен онлайн режимде байланышууга болот.
Нобель сыйлыгы — илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин атынан негизделген.