Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 262 адамдан пневмония оорусу аныкталды. 46 адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы билдирди.
1-августтан бери Казакстанда 33 877 адамдан пневмония аныкталган. 27 563 адам ооруканадан чыгарылса, 361 бейтап көз жумду.
Белгилей кетсек, Казакстанда коронавирус менен пневмониянын көрсөткүчтөрү кошулган эмес.