Бүгүн, 7-октябрда Курсан Асанов Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болду. Бул тууралуу учурда өкмөт үйүнүн алдына ИИМдин өздүк курамы чогулган учурда айтылды.
Милициянын курамы атайын жүрүш да жасады. Бирок, Курсан Асанов кандай документтин негизинде бул кызматка келгени тууралуу комментарий берген жок. Болгону «Элдин суранычы менен» деген жооп айтты.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов мурун Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Кызматтан 2019-жылы кеткен. Ал эми парламенттик шайлоодо ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен аттанган болчу.