9-10-октябрь күндөрү Орусиянын Казань жана Самара шаарларынан Ташкентке Uzbekistan Airways улуттук авиакомпаниясынын кошумча чартердик каттамдагы учактары келет.
— Аталган шаарлардан Ташкентке учуп келүүнү каалаган Өзбекстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын жарандарынан акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары талап кылынат. Мындай кагазы жок жүргүнчүлөр каттамдарга киргизилбейт, — дейт авиакомпаниянын расмий сайты.
Буга чейин 1-октябрдан тартып Өзбекстанга авиа каттам, темир жол жана кара жол аркылуу «санитардык-гигиеналык, карантиндик чараларды катуу сактоо менен» кирүүгө уруксат берилгени кабарланган.
Өзбекстан коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 16-марттан тартып бардык эл аралык аба каттамдарын токтоткон.