Биз менен байланышыңыз

Милиция: Ош шаарында абал тынч

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 578 | 0

Ош шаарында коомдук-саясий абал тынч. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бардык мекеме-ишканалар өз нугунда иштеп жатат. Митинг-пикетке чыккандар жок.

Милиция коомдук тартипти сактоо боюнча кызматын аткарууну улантууда.

6-октябрда Оштун борбордук аянтында эртең менен президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алардын алдына депутат Асылбек Жээнбеков, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов чыгып сөз сүйлөгөн.

Андан кийин митингчилердин саны көбөйүп, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, нааразылык билдиргендер кошулуп кеткен. Чогулгандар түн оокумунда тарашкан. Алар Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун өлкөгө келишин 3 саттай күтүп турушкан.

Copyright © 2017 Maral FM