Биз менен байланышыңыз

Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аткарат

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 349 | 0

Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган телеканалдын расмий сайты жазды.

Буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

6-октябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши каналдын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып Жылдыз Бакашованы шайлады.

Буга чейин ал Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын директору болуп иштеген.

Мындан тышкары, «Ала-Тоо-24» каналынын «Жаңылыктар» кызматына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп Чынара Капарова тандалды.

Чынара Капарова «Бир бол» саясий партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер. Ал буга чейин коомдук каналда алып баруучу болуп иштеген. 2016-жылы иштен алынган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM