Бишкектеги митинг учурунда жабыркап, каза болгон жаран 19 жаштагы Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн, 7-октябрь, саат 08.00гө карата 768 жабырлануучу медициналык жардам үчүн кайрылды. Анын ичинен 550 жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды.
218 жабырлануучу ар кандай оор жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Анын 7си жандандыруу бөлүмүндө. Бир жабырлануучу каза болду (2001-ж.т.).