Биз менен байланышыңыз

Мирбек Атабеков: Эски саясатчылардын доору бүттү

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1047 | 0

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков эски саясатчылардын заманы бүткөнүн айтты. Ошол эле учурда ага эч кандай мансап, же кызмат орду кереги жок экенин билдирди.

Ал Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында жаш активист, саясатчылар өткөргөн митингде сөз сүйлөп жатып, мамлекеттин мурунку жетекчилери бийликке умтулуп жатканын сындады.

«Бизге эч кандай мансап, креслонун кереги жок. Биз элдин үнүн элге жеткирүү үчүн гана чогулуп жатабыз. «Бир бол» партиясынан Алтынбек Сулайманов болобу, «Республикадан» Өмүрбек Бабанов болобу, КСДПдан Алмазбек Атамбаев болобу, «Бүтүн Кыргызстандан» Адахан Мадумаров болобу, алардын доору бүттү. Ошолорго кайрылат элем, чоң ырахмат силерге. Жаштарга жол бергиле», — дейт Атабеков.

Жаш саясатчылар жана активисттердин люстрация кыймылынын митинги

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Вторник, 6 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM