Connect with us

Митингде каза тапкан жаран Лейлек районунун тургуну

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 2482 | 0

5-октябрь түнү болгон митингден каза болгон 19 жаштагы жаран Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну. Бул тууралуу маркумдун жердештери социалдык тармакта жазды.

Маалым болгондой, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы, 19 жаштагы жигит катуу жараат алып, ооруканада көз жумганын билдирген. Ал жарылуучу заттан буту жанчылып калганы айтылууда.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жаракат алган. Алардын 439уна медициналык жардам көрсөтүлгөн. 150 адам ооруканага жаткырылып, 13 адам оор абалда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM