Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү арызын жазды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 333 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Бүгүн нааразылык акциясына чыккандар Бишкек шаардык мэриясынын имаратын басып алышкан. Аталган топ ага чейин түнкү саат 3:00 чамасында Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин имаратын да басып алышканы айтылган.

6-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго шаардык кеңештин 31 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анын айтымында, Сарыбашов арыз жаза элек.

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Ошондой эле Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү боюнча арыздарын жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM