Ыктыярчылар бүгүн Бишкектин борбордук аянтын тазалап баштады. Алардын катарында КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев да бар. Учурда социалдык тармактарда аянтты биргелешип тазалоого элди чакыргандар болууда.
Маалым болгондой, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте демонстранттар Ак үйдү басып алышкан. Ал жерде өрт чыгып, имараттын айланасы таштандыга толуп, талкаланган болчу.