Биз менен байланышыңыз

Президенттин иниси: Жээнбеков легитимдүү президент (видео)

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 11328 | 3

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Ошто өтүп жаткан митингде элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү. Бүгүн Ош шаарында президенттин тарапташтары Бишкектеги митингге каршы чогулушкан.

Асылбек Жээнбеков Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган тараптарды чагымчылдар деп атады. Ошентсе да болгон иш болгонун, эми баарын мыйзам чегинде чечүү керектигин билдирди.

Депутаттын айтымында, Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы топтолгон саясий партиялардын өкүлдөрү учурда бийликти каалап жатышат, бирок мыйзамга таянып, буга жол бербеш керек.

«Биздин жалпы эл шайлаган, легитимдүү президентибиз бар, Жогорку Кеңешибиз бар, өкмөт бар, ошол себепбен өзгөрсөк да мыйзамдуу жол менен өзгөрүү керек», — деди Асылбек Жээнбеков.

4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия аз добуш алышты. Алар бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясын башташкан. Ал түнү менен уланып, 6-октябрда таңда чогулгандар Ак үйдү басып алышты.

Мындай жагдайдан улам өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүүдө. Учурда өлкөдө абал кооптуу болуп турат.

Ал ортодо Ош шаарында азыркы президенттин тарапташтары митингге чыгышты.

3 пикир

3 пикир

  1. Токур

    06.10.2020 11:10

    Бакиевтин убагындагы сценарии кайталанып жатат, жээнбековту, матраимовту колдогондор элдин ой максаты эмес.

  2. Токур

    06.10.2020 11:11

    Эл эмес атамбаев шайлаган президент

    • Айка

      06.10.2020 21:54

      Акмактар таза шайлоо откоргонунордо ушундай болбойт эле.Арамдар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM