Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматтан кетти

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 640 | 0

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов жана анын аппаратындагы кызматкерлер кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу активист Самат Уранкай Фейсбуктагы баракчасына түз алып көрсөттү.

Анын айтымында, аталган аппараттын кызматкерлери тынч, маданияттуу түрдө арыз жазып, жергиликтүү активисттер тарабынан люстрация иштери жүрүүдө.

Ошондой эле ал  Нарын шаарынын борбордук аянтында  саат 10.00дө митинг боло турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM