Ала-Тоо аянтында митингге чыккандарды күч түзүмдөрү атайын каражаттарды колдонуу менен элди таркатууда. Учурда «Ала-Тоо» аянтындагы эл күч менен таркатылды.
Соңку маалыматтарга ылайык, алар көздөн жаш агызуучу жардыргычтарды колдонгон.
Митингге чыккандардын айрым бөлүгү Ак үйгө келип, имаратка кирүүгө аракет кылышкан. Ал эми күбөлөр бул чагымчылдардын иши экендигин айтып чыгышты.
Аянтта шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон 13 партиянын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары болуп 6 миңдей адам чогулган.