Биз менен байланышыңыз

Момбеков президентке: Сиз «бандиттердин» барымтасында калдыңыз

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 1035 | 0
Бишкекте өткөн митинг учурунда

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон, учурдагы депутат Рыскелди Момбеков Бишкекте өтүп жаткан нааразылык акциясында президентке кайрылып, өлкө башчы таза шайлоо өткөрбөй бандиттердин барымтасында калганын билдирди.

«Сиз таза шайлоо өткөрөм деп убада бергенсиз, тилекке каршы, сиз дагы ошол бандиттердин барымтасында калдыңыз. Мен сизге шайлоонун алдында да кайрылгам. Сиз үчүн «Мекенчил», «Республика», «Бир бол», «Замандаш», «Ата Мекен» партиялары коркунучтуу эмес, сиздин түбүңүзгө жете турчулар — түбүңүзгө барды», — деди Момбеков.

Депутат ошондой эле, шайлоодо оппозициялык маанайдагы партиялар жеңилгени менен чыныгы жеңилүүгө бийликке келгендер кабылганын айтты.

Ал шайлоодогу кадам сайын көрүнүп турган мыйзам бузууларга чара көрбөгөн Борбордук шайлоо комиссиясын да сындады.

Бишкекте саясий партиялар эки жерде митинг өткөрүүдө

Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар митинг өткөрүп жатат. Анда «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш», «Бир Бол» партияларынын лидерлери, өкүлдөрү бар.

Ошондой эле борбордук аянтта «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү нааразылык билдирип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 98% шайлоо тилкесинин маалыматтары эсептелди.

Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 жаран кирген, алдын ала маалымат боюнча шайлоого 1 млн 990 миң 700 жаран катышкан.

5-октябрь саат 11:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM