Биз менен байланышыңыз

Президент: Мугалимдердин коомдогу баркы жогорулап жатат

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 441 | 0

Бүгүн, 5-октябрь — Мугалимдердин эл аралык күнү. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү Билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал кыргыз коомунда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келгенин, мугалим терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы экенин белгиледи.

Ошондой эле азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулаганын, Кыргызстандын мугалимдер корпусу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатканын айтты.

«Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар. Мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайт, баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Мындан ары да билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары сакталат», — деп айтылат куттуктоодо.

Өкмөттүн 2014-жылдын 24-октябрындагы Токтомуна ылайык, 5-октябрь жыл сайын мугалимдердин күнү катары белгиленет.

Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык мекеме иштейт. Аларда 110 миңге жакын педагог, 1,8 млн окуучу бар.

Copyright © 2017 Maral FM