Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында шаардын 3020 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өтүүдө.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбай турганын буга чейин мэриянын басма сөз кызматы кабарлаган.
Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта болуп, анда маданият башкармалыгы тарабынан даярдалып, шаардын түптөлгөндөн азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театралдык коюлумдар, оюн-зоок программалар жана көрүнүктүү эстрада жылдыздары коштогон концерт өтөт.
Кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.