Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Кыргызстанда 1 604 500 жаран добуш берүүгө катышты

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 501 | 0

Саат 20:30га карата 1 млн 604 мин 500дөн ашуун жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 45,54 % түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2102 тилкеден жыйынтыктар келди.

Бишкекте 223 тилке ачылган, акыркы саатка карата 184 тилкеден жыйынтыктар келди. Ал участоктордун 79%ын түзөт. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 447 миң 600дөн ашык жаран добуш берүүгө киргизилсе, алардын 219 миң 260 жаран добуш берүүгө катышты. Бул 42,65%ды түзөт.

Ош шаарында 86 участок болсо, 63 тилкеден жыйынтык келди. Жалпы 179 миң 972 шайлоочунун 89 мин 958и добуш берди. Бул 50 пайызды түзөт.

Жала-Абад облусунда 448 тилке ачылып, 406 тилкеден маалымат келди. 643 мин 774 шайлоочунун 331 миң 796сы добуш берди. Бул 51,54%ды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM