Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Талас облусу добуш берүүгө активдүү катышты

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 470 | 0

Саат 20:00гө карата добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул жолку парламенттик шайлоого 1 млн 604 мин 500дөн ашуун жаран добуш берди.

Шайлоочу эң көп катышкан аймак Талас облусу болду.

  1. Бишкек — 219 260 жаран шайлоого катышты (42, 65%);
  2. Ош шаары — 89 958 жаран добуш берди (50%);
  3. Жалал-Абад облусу — 331 786 жаран добуш берди (51, 54%);
  4. Ысык-Көл облусу — 139 681 (48%);
  5. Нарын облусу — 83 828 (47,57%);
  6. Ош облусу — 311 078 (45,57 %);
  7. Талас облусу — 82 043 (55, 06%);
  8. Чүй облусу — 290 432 (49,51%);
  9. Баткен облусу — 124 418 (43,77%);

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 465 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участогу уюштурулган. Анын 44ү чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM