Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: 20.00гө карата алдын ала эсептөөлөр

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 9180 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечки саат 20:10го карата парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялап жатат. Көрсөткүчтөр секунд сайын кошулуп, алдын ала жыйынтык 22.00дө айтылат.

1285 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгында 911 миң 957 шайлоо бюллетени каралып чыкты.

-«Мекеним Кыргызстан» — 18,75%

-«Биримдик» — 17,92%

-«Кыргызстан» — 10,42%

-«Бүтүн Кыргызстан» — 6,26%

-«Республика» — 6,04%

-«Мекенчил» — 5,79%

-«Ата Мекен» — 3,6%

-«Бир Бол» — 2,9%

-«Ыйман нуру» — 2,71%

-«Чон казат» — 2,31%

-«Баарына каршы» — 1,65%

-«Замандаш» — 1,62%

-«Социал-демократтар» — 1,42%

-«Реформа» — 1%

-«Мекен ынтымагы» — 0,67%

-«Ордо» — 0,2%.

Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо участкалары кечки саат 20.00дө жабылды. Добуш берүү эртең менен саат 08.00дө башталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча, шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты. Бул шайлоочулардын 45 пайызын түзгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо участкаларынын имаратанда саат 20.00гө чейин кирип алгандар добуш бере аларын билдирди.

«Эгер шайлоочунун кезеги жеткенге чейин саат 20:00 болуп калса, шайлоо участкасынын короосунда турган адамдарды тейлеп бүткөнгө чейин иштейт. Бул учурда шайлоо тилкесинин эшиктери жабылат да, сырттан келгендер киргизилбейт», — деди Бекматов.

Бүгүн 4-октябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлады. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты.

Copyright © 2017 Maral FM