Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда добуш берүү жыйынтыкталды

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 1332 | 0

Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо участкалары кечки саат 20.00дө жабылды. Добуш берүү эртең менен саат 08.00дө башталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча, шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты. Бул шайлоочулардын 45 пайызын түзгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо участкаларынын имаратанда саат 20.00гө чейин кирип алгандар добуш бере аларын билдирди.

«Эгер шайлоочунун кезеги жеткенге чейин саат 20:00 болуп калса, шайлоо участкасынын короосунда турган адамдарды тейлеп бүткөнгө чейин иштейт. Бул учурда шайлоо тилкесинин эшиктери жабылат да, сырттан келгендер киргизилбейт», — деди Бекматов.

Бүгүн 4-октябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлады. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

БШК бул жолку парламенттик шайлоону уюштурууга 449,58 млн сом коротту. Добуш берүү үчүн жалпы 2474 шайлоо участогу ачылды. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалган.

Быйылкы парламенттик шайлоодо 67 миңден ашык жаран алгачкы ирет шайлоого катышып жатат. Алар 18 жашка толгондор.

Copyright © 2017 Maral FM