Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 797 | 0

4-октябрь кечки саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бул жалпы шайлоочулардын 45,26%ын түзөт:

-Бишкек шаарында — 223 миң 119;

-Ош шаарында — 101 миң 271;

-Жалал-Абад облусунда — 303 миң 450;

-Ысык-Көл облусунда — 117 миң 450;

-Нарын облусунда — 79 миң 939;

-Ош облусунда — 317 миң 927;

-Баткен облусунда — 115 миң 358;

-Талас облусунда — 69 миң 263;

Чүй облусунда — 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген.

Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Добуш берүү тилкелери кечки саат 20.00дө жабылат.

Copyright © 2017 Maral FM