Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: «Реформа» менен «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 4163 | 2

Түштүк Кореядагы добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.

Тартып алынган сүрөткө ылайык, Түштүк Кореяда жалпы 159 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 45, «Реформа» — 28, «Ыйман Нуру» — 26, «Мекенчил» — 12, «Ата Мекен» — 11, «Социал-демократттар» — 9, «Биримдик» менен «Республика» — 6 добуш алган. Калган партиялар 5 добуштан кем алган же такыр алган эмес. Ал эми «Баарына каршы» пунктун 5 адам тандаган.

Буга чейин Орусиянын Владивосток жана Түштүк-Сахалин аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:

Владивосток: «Бүтүн Кыргызстан» менен «Мекенчил» алдыда (фото)

Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: «Бүтүн Кыргызстан» эң көп добуш алды

2 пикир

2 пикир

  1. Ноорузбек

    04.10.2020 18:54

    Ата Мекен саясий партиясы 11 добуш, жазылбай калыптыр

  2. Эгемберди

    05.10.2020 10:52

    Баардык ушундай отчёт ту жуктосо Эл ОЗУ эсептеп алат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM