Орусиянын Владивосток шаарындагы добуш берүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөттөр тарады.
Тартып алынган сүрөткө ылайык, Владивостокто жалпы 164 адам шайлоого катышкан. Анын ичинен «Бүтүн Кыргызстан» — 95, «Мекенчил» — 18, «Ыйман Нуру» — 15, «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» — 6, «Бир Бол» — 5, «Ата-Мекен» — 4 добуш алган. Калган партиялар 4 добуштан кем алган же такыр алган эмес. Ал эми «Баарына каршы» пунктун 4 адам тандаган.
Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагында да шайлоо жыйынтыкталганын жазганбыз. Анын жыйынтыктарын төмөнкү шилтемеден көрүп алсаңыздар болот:
Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды: «Бүтүн Кыргызстан» эң көп добуш алды
Муслимбек
04.10.2020 21:09
Неге анда кыргызстанда только биримдик деп еле чыгатат бул шайлоо таза мес бутун кыргызстан алга
Гулмира
04.10.2020 22:29
Бутун Кыргызстан алга