Биз менен байланышыңыз

Москва: кезек күткөндөрдүн саны арбын (фото)

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 4 Окт 2020 | 587 | 0

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде жайгашкан добуш берүү участогунда кезек күткөндөр өтө көп. Бул тууралуу «Марал» радиосунун Whatsapp номуруна угарман жазды.

Анын айтымында, Москвадагы шайлоо участогунда одоно мыйзам бузуулар катталган эмес. Бирок, шайлоочуларды болгону үч добуш берүүчү жай тейлегендиктен, кезек күткөндөрдүн саны өтө көп.

Буга чейин БШК чет өлкөдөн добуш берүү үчүн 32 миңден ашык жаран каттоого турганын билдирген. Бирок Москвада 70 чакты адам Форма-2 толтурганына карабастан тизмеден чыкпай калганы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM