Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын 36,81 пайызы добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 378 | 0

Бүгүн, 4-октябрда саат 16.00гө карата 1 миллион 296 миң 978 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

-Бишкек шаарында — 181 миң 90;

-Ош шаарында — 81 миң 95;

-Жалал-Абад облусунда — 250 миң 40;

-Ысык-Көл облусунда — 95 миң 955;

-Нарын облусунда — 66 миң 231;

-Ош облусунда — 252 миң 903;

-Талас облусунда — 57 миң 3;

-Чүй облусунда  — 212 миң 686;

-Баткен облусунда — 94 миң 692 шайлоочу добуш берди.

Чет өлкөдө уюштурулган тилкелерде 5 миң 283 шайлоочу добуш берди.  Бул чет жакта катталган шайлоочулардын 16,2 пайызын түзөт. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Түштүк Сахалинкстеги кеңсеси жана Владивосток шаарындагы кеңсесиндеги шайлоо тилкелери жабылды.

Түштүк Сахалинксте добуш берүү бүгүн саат 03:00дө башталып, 15:00дө жана Владивостоктогу шайлоо тилкеси 04:00дө ачылып, 16:00дө жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM