Биз менен байланышыңыз

5-октябрда 1-класстын окуучулары мектепке барбайт

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 411 | 0

Эртең, 5-октябрда 1-класстын окуучулары мектепке барбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

5-октябрда бардык мектептерде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Маалым болгондой, көпчүлүк шайлоо участоктору мектептердин имараттарында жайгашкан.

6-октябрдан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар мектепке барып окуй баштайт. Ал үчүн санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыккан.

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштайт

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM