Биз менен байланышыңыз

Шайлоодо «эн белги» болгон беткап (фото-парад)

Блог | 4 Окт 2020 | 1950 | 0

Бул жолку парламенттик шайлоо пандемия шартында өтүүдө. Мындан улам, ар бир добуш берүүчү жаран шайлоо участогуна беткап менен кирүүсү шарт. Бирок, айрым партиялар бул эрежени өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканы айтылууда. Учурда айрым партиялар элди топтоп ташуу менен алектенип, алардын добушун көзөмөлдөөдө беткапты «эн белги» катары колдонушканы тууралуу социалдык тармактарда бир катар сүрөттөр чыгууда:

Бул беткаптарга атайын «СТОП» деген жазуусу бар мөөрлөр басылганын Твиттер колдонуучулары чыгарды.

 

Буга чейин да беткаптарга атайын белги коюлуп, аны таккан адамдарга даяр добуш берилген бюллетендер берилгени тууралуу жазышкан.

Ошондой эле Новопокровка аймагында да айрым бир партиялардын желегинин өңүнө окшош маска таккандарды топтоп ташып келүү байкалганын Фейсбук колдонуучулар жазды.

Нарындагы шайлоо участокторунун биринде да жашыл түстөгү беткап таккандардын өзүнчө тизмеси түзүлүп жаткан видео тараган.

Дагы бир видеодо мөөр басылган беткап менен 2 миң сом акча таратылууда деген да маалыматтар тараган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM