Биз менен байланышыңыз

Фактчек: Шайлоо бюллетениндеги белгини өчүрүп коюуга мүмкүнбү? (видео)

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 5276 | 0

Социалдык тармактарда Борбордук шайлоо комиссиясы атайын сатып алып, участкаларга таркаткан сыя калем жылуулук берсе өчүп калат деген ар кандай видеолор чыгууда. Мунун чын-төгүнүн тактоо үчүн БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова текшерип көрдү.

Абдрахматованын айтымында, 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда да ушул сыяктуу видео тараган. «Мен бул «имиштерди» текшерип, тастыктоо же төгүндөө үчүн атайын Нарын облусу боюнча «Форма — 2″ менен көп арыз тапшырылган участкалардын арасынан 3 шайлоо участкасын туш келди тандоо менен эксперимент өткөрүп текшердим. Бишкек шаарында да участоктордун биринде Боршайком атайын сатып алган калем сап менен койгон белгини жылуулук менен өчүргөнгө аракет кылдым. Жыйынтыгында, сыя өчкөн жок. Мындан улам берген добушубузду өчүрүп салат деген сөздөр чындыкка дал келбейт», —деп кошумчалаган Атыр Абдрахматова.

Эскерте кетчү нерсе, тестирлөөдө колдонулган бюллетень добуш берүү күнүндө колдонула турган бюллетендин сапатына эң жакын деп эскерткен Абдрахматова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM