Биз менен байланышыңыз

Президент менен өкмөт аппаратына жана Жогорку Кеңешке 2,2 млрд сом жумшалган

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 383 | 0

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Жогорку Кеңешке 765 млн сом чыгымдалган. Президенттин аппаратына 151,5 млн сом, өкмөттүн аппаратына 207,6 млн сом, президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына 641,6 млн сом сарпталган.

Бул чыгымдар Жогорку Кеңеш, президент жана өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлеринин айлыктарына гана эмес, мекемелердин жалпы чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кеткени айтылат.

Мындан тышкары мамалекеттик маанидеги чыгымдарга 481 млн сом кеткен. Анын ичинде экс-президенттерге 0,8 млн сом, мамлекеттик сыйлыктарга 8,1 млн сом жана саммиттерди өткөрүүгө 472,1 млн сом сарпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM