Биз менен байланышыңыз

Дагы 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 463 | 0

Кыргызстанда дагы 12 медициналык кызматкер коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы суткада Бишкекте 3, Ошто 3, Жалал-Абад облусунда 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Ооруканалардан 6 медкызматкер айыгып үйүнө чыкты, үй карантининдеги 10 медкызматкер да сакайды.

COVID-19 илдети 3255 медициналык кызматкерге жуккан, анын 3008и  айыгып чыкты.

30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 669ду түзөт. Андан айыккандар 42 миң 879, каза болгондор 1 миң 64 адам.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM