Биз менен байланышыңыз

Жөө жүрүүнүн 10 пайдасы

Блог | 1 Мар 2021 | 6564 | 1

Ден-соолукту сактоонун эң оңой жана жагымдуу жолдорунун бири — басуу. Төмөндө бул көнүгүүнүн бир катар артыкчылыктары жөнүндө сөз кылабыз.


1. Ойлонууга түрткү берет

Басуу, байкоо жүргүзүү адамды көп нерсени жакшылап ойлонууга, жашоодогу көйгөйлөрдүн мыкты жолун табууга үндөйт. Медитациянын акылдын ден-соолугуна тийгизген оң таасири дагы далилденген.

2. Маанайды көтөрөт, жаңы идеяларды жаратат

Көчөдө сейилдөө көңүлдү көтөрүп, депрессияны жеңүүгө жардам берет. Басуу процесси чыгармачыл идеялардын жаралышына түрткү берет. Психикалык активдүүлүк болсо, организмде оң реакцияларды жаратат.

3. Аллергияны жеңүүгө жардам берет

Аллергия күчөгөн мезгилде бул илдет менен ооруган адамдар өзүлөрүн коргоо үчүн үйдө камалып отурууну туура деп эсептешет. Чындыгында, андай эмес — басуу жана чуркоо дем алуу органдарынын ишине оң таасирин тийгизет. Бул өз кезегинде аллергендерге туруштук берүүнү жогорулатат.

4. Өмүрдү узартат 

Көп жылдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, күн сайын бир же бир нече чакырым алыстыкка басууга көнгөндөр, баспагандарга караганда 7 жылга көп жашашат. Дайыма басуу жаштыкты узартат деген далилдер дагы бар.

5. Зат алмашуу процессин жакшыртат

Кан басымынын көтөрүлүшү, кандагы канттын көбөйүшү, ашыкча салмактуулук, нервдик сезим, ар кандай ооруларга жакын, баш оору, тез чарчоо … Бул тизмени уланта берүүгө болот.

6. Акчаны үнөмдөйт

Бүгүнкү күндө спорт залдар жана фитнес клубдар көп. Бирок аларга жазылуу жакшы эле акча талап кылат. Ошондой эле велотренажер  сатып алып, үйдө машыгуу үчүн капчыгыңызды кагууга туура келет. Сейилдөө акчаны жана эң негизгиси кымбат дарылоо ыкмаларын үнөмдөйт.

7. Уйкуну жакшыртат, стресстен сактайт

Биздин кылымдын көйгөйлөрүнүн арасында стресс жана уйкунун бузулушу өзгөчө орунду ээлейт. Бул эки маселе бири-бири менен тыгыз байланышкан.. Дайыма басуу психикалык сергүү менен катар физикалык чарчоого алып келет. Бул өз кезегинде нервди тынчтандырып, тынч уйкуну шарттайт.

8. Сөөктөрдү бекемдейт

Албетте, сөөктүн бир катар оорулары бар, анда басуу пайдасыз гана эмес, зыяндуу жана кооптуу. Жаңы жаракат, анын ичинде артриттин активдүү стадиялары… Бирок абсолюттук көпчүлүк үчүн басуу сөөктөрдү чыңдоо сыяктуу чоң пайда алып келет. Ал эми базалык кыймыл тутумунун бекемдиги көптөгөн системалардагы көйгөйлөрдү алдын алат.

9. Көздүн көрүшүн жакшыртат

Ачык асманда, сейил бактарда, кенен талааларда жүргөн адам кааласа да, каалабаса да, ар кандай пейзаждарды көрүп, алысты, жакынды карайт. Басып өткөндөн кийин кан айлануунун жакшырышы көзгө да таасирин тийгизет. Эң негизгиси сапар учурунда көз ар кандай гаджеттерден, төрт дубалды тиктөөдөн эс алат.

10. Оорулардын алдын алуу менен катар жакындарыңыз менен баарлашасыз

Адатта, жөө басуунун терс таасири болбойт, анын ден-соолукка көптөгөн пайдалуу жактары бар. Ошондой эле, чын ыкластуу маектештин коштоосунда бул сессия жагымдуу болот.

Адам күндүз канча убакыт же аралыкты басып өтүшү керек?

Бардыгы жекече. Жагдайыңызды карап, каалаганыңызча басып, аралыкты күнүнө орто эсеп менен 100 кадамга көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Жөн гана айланып өтпөстөн, туугандарыңызга жана досторуңузга барыңыз. Эгерде сиздин балаңыз, неберелериңиз болсо, артыңыздан ээрчиңиз, досторуңузду чакырыңыз Эң башкысы, процесстен ырахат алууну үйрөнүңүз, өзүңүздү кыйноо көнүгүүсү катары кабыл албаңыз.

Маалымат үчүн: басуу ылдамдыгы

Өтө жай басуу — мүнөтүнө 60-70 кадам;
Жай басуу — мүнөтүнө 70-90 кадам;
Орточо ылдамдыкта басуу — мүнөтүнө 90-120 кадам;
Тез басуу — мүнөтүнө 120-140 кадам;
Өтө тез басуу — мүнөтүнө 140 кадамдан ашык.

1 пикир

1 пикир

  1. Гульзат

    03.03.2021 09:15

    Саламатсынарбы Марал ФМ чоң ыраазычылык

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM