Биз менен байланышыңыз

Алмаз Тажыбай: Евразиячылдык — Орусия өзүнүн агрессиялык саясатын жаап-жашыруу үчүн колдонулган ыкма

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2020 | 811 | 0

«Евразиячылдык саясат — Орусиянын өзүнүн актануусу үчүн ойлоп табылган». Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосундагы талкуу учурунда билдирди.

Анын айтымында «Евразия» деген түшүнүк 20-кылымдын башында кирген. «Орус падышачылыгы 20-кылымдын башында же Европага кошула албай, же Азияга кошулбай орто жолдо калган. Мындан улам, алар өздөрүнүн бул «ыңгайсыз» абалын актоо үчүн биз «Евразиябыз» деген түшүнүктү жайылта баштаган. Тагыраагы алар Борбор Азияны басып алган саясатын, агрессиясын жаап-жашыруунун эле аракети. Бул биринчи этабы. Экинчи этабы СССР убагында болду. Ал эми үчүнчү этабы орустардын коомдук ишмери Александр Дугин сыяктуулардын демилгеси менен 90-жылдары башталган. Бирок, Ельцин бул идеяны колдогон эмес. Бирок акыркы жылдары Дугиндин бул «евразиячылдык» идеясын орус бийлиги колдоп келет», — деп кошумчалады саясат талдоочу Алмаз Тажыбай.


Эксперт: Орусияга кошулуу тууралуу чыккан сөздөр элдин рекциясын байкоо үчүн жасалууда


Ошондой эле, Алмаз Тажыбайдын пикиринде шайлоо алдынан «Орусияга кошулуу» керек деген же ушуга жакыныраак пикирлердин улам коомчулукка ыргытылышы да жөнүнөн эмес. Бул атайын маалыматтык шылтоонун негизинде элдин реакциясын байкап көрүү болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 28-сентябрда «Марал» радиосунун «Күн чабыт» маалымат-аналитикалык программасында «Биримдиктин» лидери Аманкуловдун айтканына кандай баа берилиши керек?»-деген темада талкуу болду. Талкуунун толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

📌 "Күн чабыт" программасы

📌 "Күн чабыт" программасы Тема: Аманкуловдун билдирүүсүнө кандай баа берилиши керек?Коноктор: саясат талдоочу Алмаз Тажыбай, тарыхчы Кыяс Молдокасымов

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Воскресенье, 27 сентября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM