Биз менен байланышыңыз

Статком: Бала бакчалардын саны эки эсеге өстү

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 679 | 0

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде мамлекеттик бюджеттин чыгашаларында билим берүүгө багытталган чыгымдын үлүшү орточо 22 пайыздан 24 пайызга чейин болуп, эң көп өлчөмгө жеткен.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 2019-жылы бюджеттен 5,8 миллиард сом, же жалпы мамлекеттик чыгымдардын көлөмүнүн 15 пайызга жакыны бөлүнгөн.

Ушул эле учурда, каражаттын 61% га жакыны бала бакчалардын кызматкерлеринин эмгек акысына, 24%дан ашыгы — тамак-ашка жумшалган.

Ошондой эле бала бакчалардын курулушу да активдешти. 2019-жылы 3 миң орундуу 50 бала бакча ишке киргизилди, бул 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Буга байланыштуу бала бакчага барган балдардын саны да көбөйдү. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 208 миңге жакын бала болгон, алардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 29% га көбөйгөн.

Былтыр бала бакчалардын 87 пайызга жакыны мамлекеттик болуп, аларга 196 миң бала барган.

Жеке менчик бала бакчалардын саны 2 эсеге өсүп, ага дээрлик 12 миң бала барган.

2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 100 орунга  орточо 123 бала туура келсе, шаар жергесинде 100 орунга орто эсеп менен 151 бала туура келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM