Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тили жарды дегендерге Каныбек Иманалиевден жооп

Блог | 23 Сен 2020 | 2144 | 0
«Кыргыз тили Ысык-Көл болсо, мен
анын бир кочушун гана иликтедим»
К.К.Юдахин, академик
Эпилог
Биз, кыргыз эли, дүйнөдөгү бактылуу элдердин бирибиз деп ойлойм. Себеби дүйнөдө жети миңге чукул тил, эки жарым миң улут бар. Анын ичинен 192 улут гана өз суверенитетине ээ. Биз ошол өз эгемендигине ээ болгон улуттун бирибиз.
Дүйнөдөгү атактуу лингвист, Америкадагы жандуу тилдер институтунун директору Дэвид Хариссонддун айтуусу боюнча («Независимая гезити» № 16, 2007-ж.) ошол жети миңге чукул тилдин ичинен 83 тил гана эң кеңири таралган. Ал тилдерде адамзаттын 80 пайызы сүйлөйт. Ал эми 3500 тилде болсо, дүйнөдөгү калктын 0,2 пайызы гана өз ара пикир алмашат. Анын айтымында, эки жумада бир тил жок болуп, 382 тил таптакыр мисмилдирик болуп кетүү коркунучунда. Демек, тил Кызыл китепке кирген жаныбарлардан да алда канча ылдамдык менен жер үстүнөн жок болууда. Ар бир тилдин жок болушу – бул эң ириде улуттун жок болушу. Улуттун жок болуусу  — дүйнөлүк цивилизация үчүн орду толгус жоготуу. 2,5 миң тил жок болуунун алдында турат. Орус академиги Валерий Тишков азыр Россия Федерациясындагы 230 тилдин 116сы жок болуп кетүү коркунучу бар экенин жазып чыкты. Дагестанда эле 13 тил, Якутияда беш тил бар.
Мына ушундай күр-шар түшкөн глобалдаштыруу доорунда, капиталдык байлык рухий дөөлөткө, күч-кубаттуу державалар алсыз өлкөлөргө үстөмдүк кылган заманда кыргыз тили жок болуп кетиши мүмкүнбү? Ушул тууралуу ой жүгүртсөк дедик. Оболу кыргыз тилинин улуулугу жана сулуулугу тууралуу кеп салсак.
Кыргыз тилинин керемети жана дарамети, тунуктугу жана бийиктиги, эбегейсиз сөз байлыгы жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк.
I. Кыргыз тилинин улуулугу
Ар бир улут өз эне тилин ыйык деп эсептейт. Себеби ал эненин сүтү менен келет. Өмүр бою ошол тили менен адам болуп жашайт. Деген менен тилдин эң байыркылыгын далилдей турган лингвисттер арасында мыйзам ченемдүүлүктөр бар. Ошолорго кайрылсак:
Биринчиден, эң байыркы элдер өтө кыска, бир, эки, үч эле тамгадан, же бир эле муундан турган сөздөрдү кеңири пайдаланган. Кайсы тилде бир муундан турган сөздөр көбүрөөк болсо, демек, ошол тилдин тарыхта илгери пайда болуп, байыркы тил экенин тастыктайт. Андай сөздөр кыргыз тилинде оголе көп. Маселен: аз, аба, мен, жаз, жүн, жол, не(эмне?), туу, үч, от, узун, оор, жоо, жер, кал, кыз, куш, ыр, кур, кан, сан, эки, буз, уз, алты, өл, сен, сок, суу, эл, ак, көк, бар, кел, ии, өтө, ор, жүр, же, ме, тээ, бул, ал, туз ж.б. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, бул сөздөр биздин заманга чейинки VI кылымдагы шумер заманына таандык. Демек, бул сөздөрдүн 2500-3000 жылдык тарыхы бар.
Экинчиден, тил байлыгы ири алды лексиканын, синонимдердин көптүгү менен бааланат. Студент кезибизде биз менен болгон жолугушууда атактуу тилчи Жээнбай Мукамбаев агайыбыз: «В.И.Лениндин 53 томдугуна караганда Манастын эки томдугунда сөздөр көп» – деп айткан эле.
а) Белгилүү тилчи, профессор Карбоз Дыйкановдун жазганына ишенсек, анда СССРдин Илимдер академиясы ал томдуктарды эсептеп, эки жарым миллион сөз, 37 600 лексика колдонулганын далилдеген. «Манаста» болсо төрт жарым миллион сөз, 73 миң лексика болуп атпайбы. «Манас» ойдун гана эмес, сөздүн да чалкып жаткан океаны болуп жатпайбы. Сөздүн ар түрдүүлүгү жана сөз байлыгы — бул эң ириде улуттун ой чабытынын тереңдиги, даанышмандыгы. Себеби сөз ойдун туюндусу катары пайда болот.
б) Дагы бир мисал, жылкынын сымбаты орус тилинде 18 – 20 сөз менен эле сүрөттөлсө, кыргыз тилинде 800 сөз менен көркөмдөлөт.
в) Ал эми байыркы кыргыз турмушунун негизги куралы болгон жебенин жүздөн ашык аталыш түрү бар экен. Биз ашып кетсе 3 – 4 түрүн билебиз. Же азыркы күндөгү бирден бир аскердик держава болгон Орусиянын аскердик куралдар сөздүгү жүзгө чукул эле терминди камтыса, «Манаста» жалаң эле согуш куралдарынын 220 түрү бар экен
г) Түрк тилдеринен кыргыз тилинде гана бала, небере, чөбөрө, кыбыра, чыбыра же ата, чоң ата болуп 40 муунга чейин айтылат, бул кыргыз тилинин эбегейсиз байлыгы.
Атадан балага төмөн карай аталыштары, Баладан атага жогору карай аталыштары
1 Ата Бала
2 Бала Ата
3 Небере Чоӊ ата
4 Чөбөрө Баба
5 Чебере Жете
6 Чыбыра Жото
7 Кыбыра Зимин
8 Кыймылда Кубарыӊ
9 Кыӊылда Наркыӊ
10 Кылтыӊда Задин
11 Кымыӊда Зилин
12 Кымылда Тегин
13 Кылчылда Кубат
14 Тыбыра Таяныч
15 Тырсылда Медет
16 Торсондо Урук
17 Тарсылда Уруу
18 Жымыӊда Оӊ канат
19 Жылмыӊда Өзөк
20 Жылтылда Өбөк
21 Чороӊдо Жөлөк
22 Чорбоӊдо Асаба
23 Борсоӊдо Ураан
24 Борсулда Улут
25 Торсолдо Ууз
26 Корсоӊдо Уютку
27 Арбаӊда Уюл
28 Арсаӊда Түймө
29 Эрбеӊде Туюк
30 Элтеӊде Куюн
31 Сертеӊде Саадак
32 Сербеӊде Сааточу
33 Дердеӊде Устун
34 Өркөн Түркүк
35 Өнүккөн Уюк
36 Өскөн Турпан
37 Өмүр Курган
38 Карсылда Урпак
39 Жаркылда Собол
40 Жарбаӊ Маӊыз
д) Же болбосо, сары түстүн эле кыргыз тилинде тогуз түрү бар (кочкул сары, сапсары, сары, күлгүн сары, мала сары, күңүрт сары, ак саргыл, саргыч, чийкил сары). Же болбосо, кызыл түс эле 29 түргө бөлүнөт: кочкул кызыл, кыпкызыл, кызыл, мала кызыл, күңүрт кызыл, кызгылт, агыш кызыл, чийкил кызыл, кочкул тору, чоктой тору, тору, мала тору, күңүрт тору, агыш тору, жошо кызыл, мала жошо кызыл, күңүрт жошо кызыл, агыш жошо кызыл, чийкил кызыл. Кадимки шырдакка түшкөн оюнун эле 45 аты бар.
е) Суткадагы 24 саатты 38 маал менен атайт кыргыз тилинде:
1. Таң каракчы
2. Таң дүмпѳйүү
3. Таң куланѳѳк
4. Таң кылайуу
5. Таң аппак атуу
6. Күн чыккан
7. Күн тоонун башына тийе
8. Күн кѳтѳрүлгѳн
9. Күн текши тийген
10. Шашке
11. Улуу шашке
12. Жалган түш
13. Чак түш
14. Түш кыя
15. Түш оогон
16. Сарт бешим
17. Кыргыз бешим
18. Алакѳлѳкѳ
19. Намаздигер
20. Күн батар
21. Күн батканда, намаз шам
22. Буурул, Күүгүм, киши таанышар таанышпас
23. Киши таанылаар
24. Киши таанылбас
25. Эл аягы басыла
26. Намаз куптан
27. Тамак ичер
28. Тамакты текши ичкен
29. Эл жатар
30. Эл текши жатканда
31. Уйкуга кирерде
32. Текши уктаганда
33. Оор уйку
34. Түн ортосуна жакын
35. Түн ортосу
36. Түн ортосу оогондо
37. Таңга жакын
38. Таңга маал
и) Дүйнөлүк эталон болгон тилдерде (француз, португалия, италия, немис ж.б.) 50-60 миң сөз жигердүү колдонулат, орус тилиндеги Ожеговдун сөздүгүндө 57 миң сөз, а биздин түшүндүрмө сөздөр эле 85 миң сөз, Жээнбай Мукамбаевдин диалектологиялык сөздүгүндө 32 миң сөз. Баардыгы 117 миң сөз. Демек, кыргыз тили түрк тилдеринин арасында гана эмес, бүт дүйнөдөгү бай тилдердин бири.
Дагы бир мисал, К.К.Юдахиндин «Кыргызча — орусча» сөздүгүндө кыргыздын төл сөздөрү дээрлик 78,2 пайызды түзүп, 22,8 пайызы чет сөздөн кирет. Профессор К.Дыйкановдун эсептөөсүнө таянсак, К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” 5,75% араб, 6,56% иран, 10,52% орус тилинен алынган сөздөр түзөт. Ал эми коңшу өзбек сөздүгүн негизинен араб, иран сөздөрү, татар сөздүгүндө орусча, уйгурларда болсо кытай сөздөрү басымдуураак кылат. Бухат Базылхандын илимий иликтөөсүнө алган 40 миң сөздүн 25 миңи казак-монгол тилдерине орток экенинен тастыктап чыккан.
Үчүнчүдөн, кыргыз тилинде фразеологиялык сөздөрдүн эле курамы сегиз миңге жетет. Фразеология, негизинен, ойдун кенендигин, сүйлөм маданиятын жана көркөмдүгүн аныктайт. Маселен, “боор” деген эле сөз ондон ашык мааниде колдонулат: бир боор, боору таш, боорукер, боору катуу, боор тартып, боорду эзди, боору оору, боор этимдей, боордош, боорго тепти. Кыргызда «өлдү» деп айткан өтө оройлук болуп эсептелет. Аны «ичээр суусу бүтүптүр», «көрөр күнү бүтүптүр», «оо дүйнө салыптыр», «каза болуптур», «чын дүйнөгө кетиптир», «акка моюн сунуптур», «өтүп кетиптир», «үзүлүптүр» ж.б.у.с. сөздөр менен айтылат. Маселен, бир эле “куюшкан” деген сөз фразеологияда 7-8 жолу колдонулат (куюшканы бек, куюшканы бош, куюшканы шыпырылып, куюшканы көтөрөлүп ж.б.). Европа элдеринде сөз түз маанисинде айтылып, фразеология өтө сейрек кездешет. Дегеле, түрк тилдеринде бир да тил кыргыз тилиндей фразеологиялык сөзгө бай эмес. Маселен, кытай тилинде 800 сөздү билген инсан өз ой-пикирин түшүндүрө алат. Ал эми кыргыз тилинде фразеологиялык сөздөр гана 8 миң сөз түзөт, бул эмне деген байлык.
Төртүнчүдөн, кыргыз тили эң поэтикага бай тил экендигин белгилүү котормочу С.Липкин айтып чыккан. Себеби кыргыз баласы төрөлсө бешик ырын угуп уктап, сыркоолосо ырым-жырым, дарылык ырлары менен дарылап, тамаша салса акыйнек менен, сүйсө күйдүргөн ырлар менен билгизип, жылкы кайтарса «Бекбекей» айтып эрикпей, эгин эксе «Оп-майда» айтып эрмек кылып, жаштар үлпөт ырларын созсо, карыясы санат-насыят ырларын нускап, өлүм алдында керээзин да ыр менен айтып, жамандыкта да ыр менен угузган кыргыз эли ыр жандуу, ыр заадалуу эл эмеспи. Ошондуктан Манастай улуу океанды жаратып атпайбы. Бир эле салыштырууну келтирейин: “Бакасы бала уктатпас, балыгы жылкы сугартпас”, же болбосо, “Атылбай калган аркардай, аксакал чыкты жүз жашка”. Бул не деген салыштыруулар?. Дагы бир өзгөчөлүгү, кыргыз тилинин өтө бири-бирине шайкештиги же уйкаштыгы. Поэзиянын салтында бөтөн элдерде, атургай англис, немис поэзиясында да адатта ар бир саптын эң акыркы эки-үч мууну гана уйкашат. Кыргыз тилинде болсо, айрыкча Жеңижоктун, же азыркынын алп акыны Шайлообек Дүйшеевдин мисалында карасак, биринчи саптын биринчи сөзү да жана соңку сөзү да уйкашып, обонсуз эле ыр ырдалып жаткандай сезилет. Маселен,
Тентиген элди жыйнадың,
Темирден найза ыргадың,
Телмирген жетим-жесирди
Тегизге бөлөп сыйладың.
Теңирим Манас сен эми
Термелеп жүрүп ырдадым.
Текейден башын үзгөндөй
Тегиңди качан булгадым.
(Ш.Дүйшеев, «Эки дөөнүн кармашы»,
— Б., Бийиктик, 174-бет)
Айың менен Күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй
……………………………………
Бул сөздөр дүйнөлүк поэтикада сейрек кездешчү укмуштай саптар.
Бешинчиден, кыргыз тилине улуу инсандар тамшанып баа беришкен. В.Радлов, “Кыргыз тили түрк тилдеринин ичинен эң бай тил экен” деп айткан. Ал эми казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыз тилине суктанып минтип айткан экен: “Казакта “туыды”, “уыл тапты” деп айтады. Буга караганда кыргыздын “төрөдү” деген сөзи не деген керемет, көркөм эмеспи! Оси “төрөдү” деген кыргыздын сөзин казактын адебий тилине киргизсе, кандай адеми болар еди, кыргыз тили соншалык бай, угымды, жагымды, тегерентип бир сөзин еки айтпастан, тек кумдай шубыртканга уста”, – деп суктанган экен. Ал эми профессор В.Д.Скирдов бизге сабак берип жатып “көпөлөк”, “байчечекей” деген сөздөрүнө өтө суктанып таңгалды эле.
II. Тилди өнүктүрүү өбөлгөлөрү
Тил эч убакта зордук-зомбулук менен өсүп-өнүкпөйт. Өзүнүн табыяты жана мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Маселен, француз, италия тилдери адабий тил болуп өсүп-жетилүүсү үчүн V–VI кылым керек болсо, орус тили жазма тили болуп жетилишине VII–VIII кылым керек болгон. XVIII–XIX кылымдарда Россиянын жогорку окуу жайларына кирүү үчүн орус тилин эмес, эң ириде сөзсүз түрдө латын жана грек тилин билүүсү талап кылынган. Кыргыз тилибиздин жазма тил болгонуна али бир кылымдын жүзү боло элек. Дагы бир маанилүү жагдай, тилди алып жүрүүчү улуттун саны да өтө маанилүү роль ойнойт. Калкынын саны биздикиндей аз өлкөлөр адатта өз тилин эмес, башка таасирдүү тилдерди официалдуу тил катары таанышат. Маселен, Гондурас, Коста-Рика, Никарагуа, Уругвай, Парагвайда – испан тили, Чад, Бекин, Нигерия – француз тили, Жаңы Зеландия, Либерияда, Тогодо – англис тили, Ливия, Ливанда – араб тили. Калкы бизге чамалаш дүйнөдө аз гана мамлекеттерде – Латвия, Литва, Эстонияда, Македонияда, Словенияда, Хорватияда, Лаосто, Монголияда, Албанияда өз улуттук тилдери мамлекеттик тил болуп таанылган. Прибалтика өлкөлөрүн эске албаганда, арасында өтө өнүгүп кеткен өлкөлөр деле байкалбайт.
Тилдин өнүгүүсү үчүн эң негизги өбөлгө -бул биринчиден, улуттун аң-сезими, улуттун руху. Маселен, 300 жылдай Еврей мамлекети болгон эмес. Бирок иврит тили жоголуп кеткен, ордуна кайра өсүп-өнүгүп турган. Улуттун эрки – тилинде жана рухунда экенинин далили ушунда эмеспи.
Экинчиден, өлкөдөгү саясий жагдай. Ошол тилдин эркин өсүп-өнүгүүсү үчүн эч саясий, экономикалык, укуктук бөгөттөр болбош керек. Тилге саясий кысым көрсөтүү кайра башка бир улуттун кыжырдануусун алып келиши ажеп эмес. Маселен, Латвия, Эстонияда иш кагаздары өз тилдеринде гана жүргүзүлөт. Эстонияда 100 пайыз мектептер эстон тилинде, ал эми мамлекеттик атуулдугун алыш үчүн эстон тилин билүү негизги шарт.
Негизгиси, кыргыз тили – Кыргызстанды башкаруу тилине айлануусу олуттуу маселе. Анүчүн маанилүү мамлекеттик иш-чаралар, мамлекеттик иш кагаздары жана мыйзам актылары эң биринчи кыргыз тилинде жазылганы ийги. Мындай ийгиликке жетишүү үчүн бир кыйла убакыт жана ырааттуу тил саясаты талап кылынат.
Үчүнчүдөн, укуктук негиз. Бул жагынан, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары орду Конституцияда жана «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамда так аныкталган. Ошентсе да тилди рынок шартында өнүктүрүүнүн айрым шарттары так аныкталбаган. Мисалы, Казакстанга кайсы гана товар тыштан кирбесин аныктамасы (этикеткасы) казак тилинде сөзсүз жазылышы керек (Чүй, Бишкек шаары кечеңдеп жатат).
Төртүнчүдөн, экономикалык негиз. Ырааттуу мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруу үчүн кайсы жылы эмне иш-чара аткарылуусу зарыл экендиги так белгиленген реалдуу программа тийиштүү финансы булактары менен бекемделиши ылаазым.
Ошондой эле мамлекеттик тилдеги гезит-журнал, китептердин жарык көрүүсүн коргой турган экономикалык механизмдер керек болот. Маселен, Украинада бөлөк тилде басылган адабиятка атайын пошлина төлөнөт. Эстонияда болсо алкоголь продукциясын саткандан түшкөн кирешенин бир пайызы түздөн-түз балдар китептерин чыгарууга жумшалат.
Бешинчиден, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ар дайым интеллигенция, коомчулук кызыкдар болуп, дайым бул маселенин орчундуу экенин элге байма-бай эскертип, коңгуроо кагып турушу абзел. Кыргызстанда 7 миңдей өкмөттүк эмес уюмдар бар, диний кызыкчылыктарды коргогон 1500 коомдук уюм болсо, кыргыз тилинин кыргызчылыгын коргоп турган бир гана «Эне тили» (Р.Курбанов башында турган) коому бар экен. Демек, эне тилибизди көтөрүүдө интеллигенция жигердүү катышып атат деп айтуу али эрте. Кыргыз тилин өнүктүрүү бул мамлекеттик тил комиссиясынын гана эмес, эң ириде кыргыз интеллигенциясынын, айрыкча, кыргыз адабияты жана филологиясы илимине тиешелүү окумуштуу-илимпоздордун озуйпасы экендигин ар ким өз жүрөгү менен сезе билгенде гана үзүрүн бермекчи.
III. Негизги көйгөйлөр
Эң өкүнүчтүүсү акыркы 30 жылда кыргыз тили саясий кандайдыр бир кызыкчылыктар козголгон учурларда гана көтөрүлүп, а түпкүлүгүндө ырааттуу, жигердүү, негиздүү иш болбогондугун мойнубузга алганыбыз ийги. Тил кокустан саясий популизмдин куралына айланса, ал адатта үзүрлүү болбойт, тескерисинче, экстремизмге жол ачышы мүмкүн.
Себеби улуттук аң-сезим эң ириде улуттук тил менен түздөн-түз байланышкан. Сыягы, мамлекеттик тилди жаңы деңгээлге көтөрүүнүн тарыхый доору келип жетти.
Бүгүн тилди өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар:
Биринчиден, бүгүн тилдин чыгаан өкүлү жок, башкача айтканда, лидери жок. Кыргызча нукура көркөм, салабаттуу жана уккулуктуу сүйлөп, башкаларга үлгү боло турган инсаныбыз жок – саясатта да, илимде да, журналистикада да. Маселен, Бүбүсара Бейшаналиева бийлеп чыкканда, бүт жаштар балетке кызыгышкан, же Каныбек Осмоналиев 1980-жылы олимпиада чемпиону болгондо, жаш балдардын баары оор атлетика менен машыгып баштаган. Ошол сыяктуу кыргыз тилинде нукура жана маданияттуу сүйлөө бүгүнкү күндүн үлгүсүнө айланышы керек.
Экинчиден, биз кыргыз тили мамлекеттик тил болгон 30 жылдын ичинде башка улуттагыларга үйрөтүүнүн ар тараптуу жана жигердүү методикасын ойлоп чыгып, жазып сунуш кылган жокпуз.
Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө, чынын айтышыбыз керек, балдар китеп да окубай, телевизор да көрбөй калышты. Күнүнө 24 сааттын жок дегенде 10 сааты смартфон менен өтөт. Азыр эки образдагы кыргыз инсаны пайда болду. Биринчиси – Совет мамлекетинде тарбия көргөн кыргыздар болсо, экинчиси – 16-35 жашка чейинки интернет доорундагы жаштар, айрыкча социалдык түйүндөрдө (Инстаграм, Фейсбук, Одноклассники) карасаңыз өтө орой, сөгүнгөн, сөз эрежелерин сактабаган, кыска, орой кыргыз тилинде сүйлөгөн муун. Ошентип, орток кыргыз тилинде жарака кетип бараткандай сезилет. Эң ириде, кыргыз тили интернет айдыңынын тили болушу ылаазым.
Маселенин сапаттык жагдайына кайрылсак, кыргыз тилиндеги интернет сайттары көбүнесе тил анархиясына жол берип, кээ бир ысымдары таанымал бирин-экин калемгерлерди айтпаганда, макалалар көбүнесе кыргыз тилинде алешем жазылат.  Кээ учурда тил эрежелери сакталбайт. Сөз байлыгы өтө чектелүү. Кээде маданиятсыз бейадеп сөздөр колдонулуп кетип атат. Бир эле сөз ар сайтта ар башка жазылып, башаламандык болууда. Менин кесиптештерим, калемгерлер, кыргыз тили боюнча негизги адистер деп эсептейм. Тилдин тазалыгын сактап, тилибизди өнүктүрүү өзүбүздүн гана улуттук парзыбыз экенин жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.
Орустун жазуучусу А.П.Чехов чет тилден кирген сөздөрдү пайдалануудан качса, дагы бир улуу жазуучусу Л.Н.Толстой: «Сөздү туура эмес колдонуп, бейчеки жазгандарды жазага тартуу керек. Ошондо гана тил маданияты оңолот» деген экен. Сөз наркы жана сөз экологиясы үчүн коомчулук алдында эң ириде санатчылар, калемгерлер жоопкер да, блогерлер да үлгү да болуп келген эмеспи.
Төртүнчүдөн, биз көңкү (архаикалык) сөздөргө бүгүн жаңы маани берип, сөздүн чаңын аарчып пайдалана албай жатабыз. Анын анык далили “Манас” эпосундагы сөздөр:
Кутурук – Русалка;
Боштолу – тюлень;
Тырабдал — тырмак алгыч;
Наштар – скальпель;
Алпаң — туу кайтарган, туу көтөрүп жүргөн адам;
Айчык-жарым ай. Кызыл Жарым Ай дебей эле, кызыл айчык десек болот эле.
Бакал — киоск, чакан дүкөн. Бакалея ушул сөздөн алынган;
Бигиз — өтүкчүнүн илмектүү шибегеси;
Ырамал – газон;
Чарбак – резиденция;
Буурул түн — белые ночи;
Кабуз – бассейн;
Боро — түтүк, труба;
Чапчак — жыгач челек, бочка;
Үзөлөк – погреб;
Чаранда — чымын-чиркей, курт-кумурскалардын жалпы аталышы;
Маселен, кытайлык кыргыздар архаикалык байыркы кыргыз сөздөрүнө жаңы маани берип, рынок заманына өтө ыңгайлаштырып туура пайдаланып жатышат.
Улуттук комиссия тарабынан сунуш кылынган терминдердин котормосу элге анчейин сиңип кетпей жатат. Дегеним, ар бир жаңы сөз – бул жаңы дүйнө. Сөз гана отко күйбөс, сууга акпас, мезгилге көөнөрбөс дөөлөт. Эгерде эбин таап эли колдоно билсе. Ал колдонууга кирээрден мурда адегенде интернет-сайттар аркылуу кеңири чөйрөдө талкуудан өтүп, анан коомчулук, тилчи адистердин катышуусу менен кабыл алынса. Айрыкча, күндөлүк турмушубузда кеңири колдонулган юридикалык, экономикалык сөздүктөрдү түзүү өтө кылдаттыкты, чеберчиликти, сапаттуулукту талап кылат.
Жаңы сөздөрдүн кыргызча котормосун же синонимин издөөдө төмөнкүдөй ирээтте тандалса: Адегенде ошол сөздүн байыркы кыргыз тилиндеги төркүнүн издөө. Атактуу тил даанышманыбыз академик Кусеин Карасаев «Камус-наама» карасай сөздүгүн аяктап жатып, «Манас» жомогунда, майда эпостордо учураган кээ бир сөздөрдүн төркүнүн таба албагандыктан, калтырып койдум» деген. Демек, али «Манаста» сыр катып, «уктап», чаң басып жаткан сөздөр көп. Ал сөздөр ата-бабабыздын кан-жанынан жаралып, оозунда сүйлөнгөн сөздөр. Эгемен Кыргызстандын доорунда ал сөздөрдүн чаңын аарчып, жаңы маани берип бөпөлөп, колдонуп калуу – биздин атуулдук парзыбыз.
Бешинчиден, эң негизги көйгөйлүү маселе – 500–600 миң кыргыздар чет жакта Россия жана Казакстанда жүрүшөт. Алардын балдары кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде билбей калуу коркунучу бар. Ошондуктан, мамлекеттин колдоосу менен аларга кыргыз тили жана адабиятын окутуу курстарыначуу жана алар жашаган жерлерде кыргыз радиосун уктуруу маселеси чечилсе дурус болор эле.
Деги эле тил илими ага санаалаш башка илимдер менен эриш-аркак гана өнүгө алат. Маселен, улуттук тарых, этнография, этнопедагогика, улуттук философия, улуттук адабият жана фольклористика. Дегеле, гуманитардык илимдерде илимий эмгектерди мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жетишибиз зарыл. Тил маданияты – бул эл маданияты. Маданият демекчи, анда улуттук театр, улуттук кино ж.б. менен тыгыз байланышкан. Экономика, укук жаатында кеңири колдонулган, жатык кыргыз сөздүктөрүн кеңири жайылтуубуз абзел.
Алтынчыдан, доор өзгөрдү, эгемен эл болдук, бирок дагы эле биздин аң сезим өзгөрбөй жатат. Буга далил – бир эле Каракол шаарындагы орто мектептеринин аталышы:
1. №1 Ленин;
2. №2 Прежевальский;
3. №3 Некрасов;
4. №4 Киров;
5. №5 Нариман;
6. №6 Чехов;
7. №7 Пристань-Прежевальск;
8. №9 Дружба;
9. №11 Горький;
10. №15 мектеп;
Ал эми республика боюнча Ленин атындагы 21 мектеп, Н.Крупская атындагы 3 мектеп, Пушкин атындагы 7 мектеп, Гагарин атында 6 мектеп бар экен.
Мен бул улуу инсандарга каршы эмесмин, бирок ошол эле тилдин лидерлери болгон В.Радлов, Е.Д.Поливанов сыяктуу инсандардын эч болбосо «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнүн» 4 томдугун жазган Жээнбай Мукамбаевдин эмгегин эскерип, атын мектептерге ыйгарып койсок жакшы болбойт беле. Эң кызыгы К.Юдахин атындагы мектеп жок экен. Айрыкча Ж.Шүкүров өзүнө татыктуу баасын алалек.
Академик В.В.Бартольд быйыл жүз элүү жашка толот. “Кыргызское великодержавие” деп эң биринчи айтып чыккан ленинграддык окумуштуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (14 сөздөн турат). Аталышы – дүйнөдөгү эң узак агенттиктин аталышы.
Сөзүмдүн аягында айтаарым, кыргыз тил – Манас менен Чынгыздын тили, кыргыз тили – эң байыркы тил, улутту улут кылып турган эң негизги касиет. Тил-ойдун сандыгы. Биз ошол тилде сүйлөшүп, ой жүгүртүп гана жашабастан, биз ошол тилдин нукура ээси болууга татыктуу бололу. Тил өлбөсө, эл өлбөйт.
Каныбек Иманалиев,
Жогорку Кеңештин депутаты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM