Биз менен байланышыңыз

Дагы 91 адамдан коронавирус аныкталды. Кайра эле көбү Баткенде

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 617 | 0

19-сентябрга карата бир сутка ичинде коронавирус менен 91 адам катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Жаңы катталгандар:

Бишкек — 9
Чүй облусу – 6
Ош облусу — 17
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 15
Жалал-Абад облусу – 12
Баткен облусу — 30 учур.

Республика боюнча коронавирус аныкталгандар жалпы 45 миң 335ке жетти. Анын ичинен айыккандардын саны 41 миң 484тү түзсө, каза болгондор 1063 адам.

Дагы 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Баткен облусунда – 4
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Ош облусунда – 4 учур.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3197 учур катталды, алардын ичинен 2779 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM