Биз менен байланышыңыз

БШК Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин алуудан баш тартты

Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 776 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду шайлоого катыштырбоодон баш тартты.

18-сентябрда БШКнын отурумунда бул сунуш каралып, өтпөй калды. Төраганы талапкер катары каттабай коюу сунушун БШКнын 5 мүчөсү колдоду.

Боршайкомдун жумушчу тобу парламенттин төрагасы, «Кыргызстан» партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековдун талапкерлигин жокко чыгарууну сунуш кылган болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы, шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү бергени административдик ресурс катары кабыл алынып, коомчулукта талкууга түшкөн. Көпчүлүк буга чара көрүүнү талап кылган.

Жумабеков 14-сентябрда Таласка иш сапары менен барганда жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берген. Бул акча алгач спикердин фондунан берилгени айтылган. Кийин парламенттин басма сөз кызматы Жумабеков сүйүнчүнү үй-бүлөсүнүн атынан бергенин кабарлады. Андан кийин 17-сентябрда сүйүнчү акча төраганын фондунан бөлүнгөнү белгилүү болду.

Ошондуктан бул окуя парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө тийиштиги жок”, — деп айтылган билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы жагдай иликтенерин билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM